"Мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жакшы иштеген". Мындай пикирин бүгүн, 30-майда парламент жыйынында депутаттар Акылбек Жапаров менен Мирлан Бакиров айтышты.
Алар жаңы дайындалган министр Космосбек Чолпонбаевди кескин сынга алышты. "Мурунку министр Талантбек Батыралиев жакшы иштеген. Сиз болсо жыйынга келип алып, "кагаз түрүндө жооп берейин, кийин айтып берейин” деп жатасыз. Мындай адатты, мындай даярданганды токтотуңуз. Мектептеги окуучунун жообун айтып отурасыз. Акчалар тууралуу маалыматты так бериңиз", - деди Бакиров.
Ал эми Акылбек Жапаров мурунку министр Таланбек Батыралиевдин тушунда Бишкек менен Ошто медициналык чоң курулуштар курулганын айтты. Ошондой эле ал Батыралиевдин ишин улантуу керектигин кошумчалады.
Министр Чолпонбаев: "Албетте, буга чейинки министрликтеги жакшы иштерди улантабыз" деп сындарга жооп берди.
Депутаттар Мирлан Жээнчороев, Марлен Маматалиев да министрдин жакшы даярданбай келгенин эскертишти.
Парламентте саламаттыкты сактоо тармагындагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Айта кетсек, Космосбек Чолпонбаев 20-апрелде саламаттыкты сактоо министри кызматына дайындалган.