Үстүнөн арыз түшкөн ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы менен Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы кызматынан кол жууду

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев, Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы Болот Имангазиев, ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын орун басары Р.Хасанов кызматынан биротоло бошотулду. Бул тууралуу 30-майда ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Көчөрбаев менен Имангазиевдин үстүнөн милициянын ардагерлеринин, кызматтан мыйзамсыз бошотулган кызматкерлердин атынан арыздар түшүп, кызматтык иликтөө башталган. Буга байланыштуу алар убактылуу кызматынан бошотулган.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыгып, ага ылайык ИИМдин айрым жетекчи кызматкерлердин аракетине баа берилди жана ага ылайык ИИМдин буйругу чыкты.

"С.Көчөрбаев ИИМге тиешелүү "ички иштер органдары тууралуу" мыйзамдын ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөө тууралуу жобосунун, кызматтык иликтөөлөрдү өткөрүүнүн инструкцияларынын талаптарын одоно бузууга жол бергендиги аныкталды.
Ошондой эле ички иликтөөлөр кызматы тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлеринен коркутуу, үркүтүү ыкмаларын жана видео-аудио жазууларды пайдалануу менен акча талап кылуу, пара алуу фактылары да орун алгандыгы ачыкталган. Учурда иштеп жаткан кызматкерлердин жана ардагерлердин укуктары тепселенген жана мыйзамсыз иштен айдалгандар да болгондугу аныкталып олтурат. Көчөрбаевдин үстүнөн Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 2 бөлүгү менен (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козголгондугуна байланыштуу жана одоно кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын катарынан биротоло айдалды.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө белгиленгендей ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын орун басары Р.Хасанов дагы кетирген одоно кемчиликтери үчүн ички иштер органдарынын катарынан биротоло айдалды. Ал 2012-жылдын 15-январынан тарта бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын чек арасын 70 жолу кесип өтүп, чек арадан өтүү боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлерине коюлган талаптарды, тартиптерди сактабагандыгы жана аны одоно түрдө бузгандыгы аныкталды. Ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын кызматкерлеринен коркутуу, үркүтүү жолдорун пайдалануу менен мыйзамсыз акча чогултуу, өздүк курам арасында моралдык-психологиялык жактан абалды чыңалууга алып келген.

Ага ылайык Имангазиев кадрдык саясатын жүргүзүүдөгү кетирген кемчиликтери үчүн ээлеген ордунан бошотулду", - деп билдиришти ИИМден.

Иликтөөнүн жыйынтык материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан