Акыркы 2-3 ай аралыгында Жогорку Кеңеш мурунку калыбын өзгөртүп, чуулгандуу иштердин, коррупциялык иштердин бетин ачкан ордого айланды. Бул нерсеге коомчулуктун да көңүлү бурулду, коомдо Жогорку Кеңешке карата ишеним, үмүт пайда болду.
SUPER.KG порталынын "Коомчулук Жогорку Кеңештен эмнени күтүүдө?" деген соболуна журналист Шайырбек Абдырахман төмөнкүдөй жооп берди. Анын пикиринде, коомчулук Жогорку Кеңештин бекем болушун, элге тирөө болуп беришин күтөт.
"Акыркы убакта Жогорку Кеңеш активдеше баштады, коомчулук парламент ушул алган багытынан жазбаса экен, багытын бекемдесе экен деген үмүттө деген ойдомун. Жогорку Кеңеште тазалануу боюнча иштер жүрүп, депутаттар өздөрү активдүү катышууда, жаңы идеялар пайда болууда, бул жакшы жышаан. Коомчулук ар дайым Жогорку Кеңешти өзүнүн колдоочусу, ишенген туткасы катары көргүсү келет, ошол туткасы бекем болушун, туруктуу болуусун, калыс болуусун каалайт жана күтүп жатат.
Коомчулук башынан эле парламенттин ар бир жасаган ишине олуттуу мамиле жасап келген. Айрым учурларда үмүтү үзүлгөн, айрым учурда үмүт арткан, ишенген учуру болгон. Жогорку Кеңешти коомчулук ишенип, үмүт менен шайлаган соң, албетте, эл үчүн иштейт деген үмүт бар", - деди Абдырахман.
Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, Рита Карасартова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикирлери бул шилтемеде.