Акыркы 2-3 ай аралыгында Жогорку Кеңеш мурунку калыбын өзгөртүп, чуулгандуу иштердин, коррупциялык иштердин бетин ачкан ордого айланды. Бул нерсеге коомчулуктун да көңүлү бурулду, коомдо Жогорку Кеңешке карата ишеним, үмүт пайда болду.
SUPER.KG порталынын "Коомчулук Жогорку Кеңештен эмнени күтүүдө?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова төмөнкүдөй жооп берди. Анын пикири боюнча, Жогорку Кеңештин акыркы убакта активдүү болуп жатканы убактылуу гана көрүнүш.
"Жогорку Кеңештен көп адамдар көп нерсени күтпөйт. Себеби бийлик парламенттин аброюн түшүрүүгө бүт күчүн жумшаган, бүгүнкү күнү парламентке келиш үчүн каражат керек, эл партияны шайлап коёт, партиянын тизмесин лидерлер өздөрү чечет. 5 лидер келсе 5, 6 лидер келсе 6 лидердин саясаты жүрүп калган.
Президент алмашып, бири кетип экинчиси келип, жаңы президент күчтөнө элек учурунда парламент маселелерди көтөрүп, “биз деле маселе көтөрүп айтсак болот турбайбы” деген нерсе боло берет. Жаңы президент өз командасын топтогондон кийин парламент мурунку пассивдүү өз нугуна түшөт.
Системдүү реформа болуп, бийлик тең салмакка келмейин, сот бийлиги өзүнүн, аткаруу бийлиги өзүнүн, мыйзам чыгаруу бийлиги өзүнүн оюна бекем турмайынча өнүкпөйбүз. Учурда парламент акыркы чуулгандуу иштердин аягына чыгаруу боюнча маселени көтөрүп колго алыш керек жана системдүү реформаны, бийликтин тең салмактуулугу боюнча маселени да көтөрүшү керек", - деди Карасартова.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, журналист Шайырбек Абдрахман, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикирлери бул шилтемеде.