Акыркы 2-3 ай аралыгында Жогорку Кеңеш мурунку калыбын өзгөртүп, чуулгандуу иштердин, коррупциялык иштердин бетин ачкан ордого айланды. Бул нерсеге коомчулуктун да көңүлү бурулду, коомдо Жогорку Кеңешке карата ишеним, үмүт пайда болду.
SUPER.KG порталынын "Коомчулук Жогорку Кеңештен эмнени күтүүдө?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова төмөнкүдөй жооп берди. Анын пикиринде, Жогорку Кеңештин депутаттары өз ишин сапаттуу алып барышы керек, депутаттардын иши сапаттуу болгондо гана коом алдыга жылат.
"Коомчулук Жогорку Кеңештеги талкууну угуп, көрүп жатат. Коррупциялык иштер көтөрүлүүдө, Жогорку Кеңеш өзүнүн көзөмөлдөөчү милдетин аягына чейин так, толук аткарышы керек. Экинчиден, сотторду, прокурорду чакырып суроо берген учурда айрым эле депутаттар жакшы түшүнүп, салмактуу суроолорду берип жатканы менен айрым депутаттар "Кудайдан коркосуңарбы, жакшы иштейсиңерби" деген гана суроо менен чектелүүдө, мындай нерсе жакшы тааасир этпейт.
Депутаттар ар бир маселеде өздөрү даярданып, талкууланган маселе тууралуу толук маалымат алып, сапаттуу суроолорду беришсе, жооп берген тарап дагы негизги маселеден алыстабай, маалыматты так жана кенен айтмак. Эл ишенип шайлагандан кийин депутаттар элдин оюндагы суроону берип, элдин көйгөйүн айтса туура болмок, эл ошол нерсени күтөт", - деди Ошурахунова.
Укук коргоочу Рита Карасартова, журналист Шайырбек Абдрахман, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикирлери бул шилтемеде.