Акыркы 2-3 ай аралыгында Жогорку Кеңеш мурунку калыбын өзгөртүп, чуулгандуу иштердин, коррупциялык иштердин бетин ачкан ордого айланды. Бул нерсеге коомчулуктун да көңүлү бурулду, коомдо Жогорку Кеңешке карата ишеним, үмүт пайда болду.
SUPER.KG порталынын "Коомчулук Жогорку Кеңештен эмнени күтүүдө?" деген соболуна мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаев төмөнкүдөй жооп берди. Анын пикири боюнча, коомчулук Жогорку Кеңешке караганда, президенттен көп нерсени күтүп, үмүт артып жатат.
"Коомчулук Жогорку Кеңешке караганда жаңы шайланган президенттен көп нерсени күтүп жатат. Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укугуна ылайык нерселерди жасап берди. Мисалы, жаңы президенттин айтканын жасап Алмазбек Атамбаевдин тушундагы өкмөттү кетирди, бул маанилүү иш. Мурунку өкмөт иштей бергенде жаңы президенттин иштөөсүнө толук мүмкүнчүлүк болмок эмес. Сапар Исаковдун өкмөтүнүн кетиши менен Сооронбай Жээнбеков Атамбаев мурда кандай ыйгарым укукка ээ болсо, ошондой ыйгарым укукка ээ болду: өкмөттүн курамын өзү бекитти, күч структураларынын түзүмүн өзү шайлады. Эми кезек аткаруу бийлигине келди, өкмөт эмне иш кылат, кандай иштерди аткарат деген суроо коюлду.
Коомчулук президенттен коррупция менен күрөштү аягына чыгарабы, ошол нерсени күтүп жатат. Мындай учурда парламенттин ролу дээрлик аз, негизги роль аткаруу бийлиги менен президентте. Атамбаевдин тушунда Жогорку Кеңеш бийликтин тапшырмасын аткарып эле отурган, азыр салыштырмалуу түрдө эркин болууда, мындай пикир коомчулукта да айтылып жатат. Ушундай эркиндигин, ар бир чоң ишти аягына чейин көзөмөлдөөнү аягына чейин улантабы, ал ар бир депутатттын деңгээлине жараша болот. Парламенттеги депутаттардын арасында билимдүү, тажрыйбалуу эрки бар депутаттар бар, бирок айрым тагдыр чече турган негизги маселелерде үн катпай койгон учурлар да болууда", - деди Аманбаев.
Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, журналист Шайырбек Абдырахман, Рита Карасартова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикирлери бул шилтемеде.