Чүйдөгү 16-абакта 3 адам оозун зым менен тигип алышкан

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында жайгашкан 16-абакта 3 адам оозун зым менен тигип алган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Акыйкатчы институтуна 16-абакта 3 адам оозун зым менен тигип алды" деп алардын биринин атасы кабарлаган. Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан 26-майда соттолгон үч жаран ички эрежени бузуп, администрацияга баш ийбегендиги үчүн акт түзүлүп, айып изоляторуна бир айга камалышканын, ага каршылык кылып соттолгондор ооздорун зым менен тигип, курсактарын жеңил кесишкенин кабарлашкан. Буга байланыштуу Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү оозун тигип алган 3 адамга жолугуп келишти.

Аларга медициналык кызматкерлер чакыртылып, тиешелүү медициналык кароодон өткөрүлдү. Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жетекчилик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үчөө айып изоляторунан жалпы тартиптеги жаза өтөөчү жайга которулду. Ал эми соттолгондор ооздорундагы зымдарды чечип, укук коргоо органдарына тосмо арыз жазып беришти", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zainidin96
2018-05-30 18:13:12
Эхх турмого тушуудон сактасын кудайым
+4
bars_wire
2018-05-30 20:07:31
Кудай сактаа колуна ийне сайып алсан канча болосун зым менен бироолор басып алып эле тикпесе.оз калоосу менен кылбаса керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан