Кочкордо жашылча-жемиш сактоочу логистикалык борбордун курулушу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Кочкор районунда пилоттук долбоор катары жашылча-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча кызматташуу меморандумуна 6 тараптуу кол коюлду. Бул тууралуу Нарын облустук администрациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, макулдашуу айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз жериндеги өкүлү Казухико Кикучи, Кочкор айыл аймагынын башчысы Рахатбек Абакиров, "Өндүрүүчүлөрдүн логистикалык ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин башчысы жана "Кочкор логистик" айыл чарба коммерциялык кооперативинин жетекчиси тарабынан түзүлдү.

Кызматташуу меморандуму 2 этапка бөлүнөт: 1-этапта тараптардын милдеттери көрсөтүлгөн келишимге кол коюлуп, 2-этабында JICA тарабынан курулуш материалдары жана техникалык каражаттар кооперативдин жоопкерчилигине өткөрүлүп берилет.

Эске салсак, Нарын облусунда 2012-жылдан баштап өткөрүлүп келе жаткан инвестициялык форумдардын биринде картошка сактоочу логистикалык борбордун долбоору тааныштырылган. Изденүүнүн жыйынтыгында Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан долбоор колдоого алынган. Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан соода-логистикалык борбордун курулушун жүргүзүү үчүн Кочкор районунун Исакеев айылынан жер бөлүнүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан