Аймактарга Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондусунун өкүлчүлүктөрүн ачуу керек. Мындай сунушту депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештин 31-майдагы жыйынында айтты. Эл өкүлүнүн пикиринде, ишкерлер Бишкекке келип Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондусунан насыя алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат.
"Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду ачылып жатканда аймактагы ишкерлердин баары сүйүнгөн. Тилекке каршы, фонддун иштеп жатканына 3-4 жыл болуп калганы менен бир топ насыялар саясий чечимдер менен берилип кетти. Ишкерлер фонддон насыя ала албай жатышат. Анткени насыя алуу өзүнчө эле татаал процесске айланып калган. Жадакалса фонддун өзүнө кире алышпайт экен. Биз фонд кызматкерлерине бүт шартты түзүп бергенибиз менен натыйжа көрө албай жатабыз. Ошондуктан биз аймактарга фонддун өкүлчүлүктөрүн ачууну сунуштайбыз. Андан сырткары фонддун ишмердүүлүгүн карап чыгып, Жогорку Кеңешке маалымат берип койсоңуздар", - деди Жамангулов.