"Кыргызтелекомдун" башчысы айына 100 миң сом, "Мегакомдун" жетекчилери 700 миң сомдон алышат. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жамангулов билдирди.
"Эмненин негизинде бул мамлекеттик компаниялардын жетекчилери чоң көлөмдөгү айлыктарды алышат? Кайсы көрсөткүчтүн негизинде алардын айлык маяналары жогору? Күнү-түнү иштеген мугалимдердин айлыгы 7-8 миң сом. 10 жылдык тажрыйбасы бар академиктер 10-15 миң сомдон көп алышпайт", - деди Жамангулов.