Бүгүн, 31-майда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бишкек мэриясынын имаратына келип кетти. Мэриянын жыйындар залында шаардык кеңештин жыйыны өтүп жатат. Министр ага катышкан жок. Ал шаардык кеңештин төрагасынын иш бөлмөсүнө кирип, кайра шашып чыгып кеткени айтылууда.
Бүгүнкү жыйында Кытайга Бишкектен 3,3 гектар жер бөлүп берип, ордуна Пекинден 25 сотых жер алуу маселеси боюнча кайра добуш берүү күтүлүүдө. Кечээ шаардык кеңештин депутаттары Кытайга жер бөлүп берүүдөн баш тарткан.