Улан Жумаков: "УКМК биздин дипломаттардын Кытай үчүн иштеген же иштебегенин текшериши керек"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дипломаттарды Кытайдын атайын кызматтары үчүн иштеген же иштебегенин текшериши керек. Мындай пикирин жарандык активист жана юрист Улан Жумаков жазып чыкты.

"Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары азаматтар! Кытайдын пайдасына билдирүү жасаган “Кыргыздипсервисти” жоюу керек! Кыргыз жергесинин бир да сантиметри соодалашуунун маселеси болбош керек. Ким жер менен соодалашса, алар чыккынчылар. Биздин ата-бабаларыбыз ар бир жер тилке үчүн күрөшүп келишкен, ал эми кайдагы бир аткаминерлер 3 гектардан ашуун жерди кытайларга бергени жатышат.

Эч качан мындай сөз болбош керек, Кыргыз өлкөсүнүн жери ыйык жана кол тийгис. Силер, дипломаттар, маселени чечүүнүн башка жолун издегиле. Эл аралык маселелерди чече албасаңар, анда үйүңөргө кеткиле. УКМК биздин дипломаттардын Кытайдын атайын кызматтары үчүн иштеген же иштебегенин текшериши керек", - деди Жумаков.

Айта кетсек, кечээ, 30-майда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Кытай элчилигине Бишкек шаарынан 3 гектардан ашык жер тилкесин берип, ордуна Пекинден 25 сотых жер алуу боюнча долбоорду кабыл алган жок. Долбоор боюнча бул жер тилкелери ижара иретинде 49 жылга алмашылмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
1Adilet1
2018-05-31 11:52:05
Жер берилбейт
+3
jbolotov
2018-05-31 12:10:53
Кыргызстан учун мекенибиз учун баарыбыз коомдук активист болуп турбасак мекенибиз сатылып кетмей болду окшойт. Ушуга окшогондорду атууга кетирген мыйзам болбосо абалыбыз ит ыйлайтурган болуп калдык чынында.
+2
Bazake
2018-05-31 13:07:53
Жер берилбейт, буга президент жол бербейт. Ойлонбогула туугандар
-1
tnz
2018-05-31 13:29:43
Азаматсынар депутаттар ошондой болуш керек ар дайым ушундай нукта иштеш керек, Кыргызстандын пайдасын коздоп кайдагы бир болбогон нерселерге алданбай.
0
tnz
2018-05-31 13:32:59
Тышкы иштер министри ким экенин, озунун анык жузун корсотуптур мына бул кишини кечендетпей иштен алыш керек, коомчулук баарын билиш керек кимдин ким экенин. Кытайдан акча алып анан алардын арыгын чапкандарга чара коруш керек бул кишинин ким экенин ГКНБ текшерип чыксын.
+1
Tokmokchu-1
2018-05-31 14:11:29
Кыргызлипсервисин ким тузгон, ким каржылайт, эмне иш кылат, баарын кылдат иликтеп, куноолуулорду камап жоопко тартуу керек...

Булар Кыргыздипсервис эмей эле Кытайдипсервис болуп алыптыр чын-чынында...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан