Чүйдө 2 жумадан бери изделип жаткан 14 жаштагы Виктория Кан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал 29-май күнү Бишкек шаарындагы курбусунун үйүнөн табылган. Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ата-энесине өткөрүп беришкен.
Айта кетсек, Чүй ОИИББинен Виктория Кан аттуу 14 жаштагы кыз 15-май күнү Аламүдүн айылынын Набережная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.