Аткаминерлерге козголгон кылмыш иштеринде саясат жок. Мындай пикирин Коопсуздук кеңештин катчысы Дамирбек Сагынбаев 31-майда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдары аткаминерлерге кылмыш ишине катышы бар болгону үчүн иш козгоодо.
"Бир гана Сапар Исаков эмес, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан аткаминерлер боюнча айтайын. Алар эч нерсе жасабаганын, укук коргоо органдары ишти саясий мотив менен тергеп жатышканын көрсөтүшүүдө. Мен укук коргоо органдарынын аракеттеринен эч кандай саясат көргөн жокмун. Азыркы же мурдагы аткаминерлерге кылмыш иши ошол адамдын кылмышка кыйыр же түздөн-түз тиешеси бар болгону үчүн козголуп жатат", - деди Сагынбаев.
Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча буга чейин экинчи ирет УКМКга суракка чакыртылганда өзүнө карата саясий куугунтук болуп жатканын айткан.