Кытай тараптан жер алуу макулдашуусу бир жума мурун гана аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда "Кыргыздипсервис" ишканасынын директору Мирлан Арстанбеков билдирди.
"Кытай элчилиги Кыргыз өлкөсү менен 2003-жылы эле макулдашып, 3 гектар жерди ижарага алган. 2011-жылы жаңы имарат курулган. Ал эми Кытайдан жер алуу маселеси мурда эмнеге чечилбей жатканын билбейм, бирок акыркы беш жылдан бери жакшы жакка чечилүүдө. Акыркы эки жыл ичинде Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн нгеизинде жылыштар болуп, Пекин шаарынын борборунан жер алуу бир жума мурун Бишкек шаарында чечилип, макулдашылды.
Келишим боюнча Кытай тарап Пекин шаарынын борборунан 25 сотых жер берет. Бүгүн биздин мыйзамдарга, Жер кодексине ылайык, жергиликтүү бийликтен уруксат алышыбыз керек. Ошондуктан бүгүн депутаттарга ишти түшүндүрүп, туура маалымат берүү менен кызыкчылыгыбызды коргоого келдим. Менин оюмча, бүгүн алар бул ишти колдоого алып, өлкөбүздүн ишин колдойт деп ойлойм. Ал эми Кытай тарап Пекин шаарына өлкөбүздүн элчилигин курууда жардамдашат. Алдыда дагы сүйлөшүүлөр бар. Ошондой эле келишим колдоо тапса, эки өлкө тең 49 жылга ижарага алынган жерге акы төлөбөйт", - деди Арстанбеков.
Эске салсак, бул келишим 30-майда Бишкек шаардык кеңешинде каралып, депутаттар аны колдогон эмес эле.