Бишкекте инспекторго баш ийбей аны жол тандабас унаасы менен 300 метрдей жерге түртүп барган айдоочу кармалды

Бишкекте инспекторго баш ийбей аны жол тандабас унаасы менен 300 метрдей жерге чейин алдына салып кубалаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери "Lexus 570" үлгүсүндөгү унааны токтотуп, жол эрежесин бузганы үчүн айып пул жазган. Ал эми унаанын айдоочусу 43 жаштагы Б.Н. аттуу аял кол коюудан баш тартып, протоколду алып унаасы менен качып кетүүгө аракет кылган. Аны токтотууга аракеттенген биздин кызматкерге бир канча убакытка чейин баш ийбей каршылык көрсөткөн. Бирок биздин кызматкерлер ал унааны токтотуп, айдоочусун Ленин РИИБине, унаасын айып аянтчасына жеткиришкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Бишкекте айдоочу инспекторду жол тандабас унаасы менен 300 метрдей жерге түртүп келди", - деп кабарлаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Arlenchik
2018-05-31 20:12:28
Адамдарда ниет пейил, талим тарбия,маданият деген жок болду, эркегинен ургаачысы отуп, жол эрежесин буздубу мыйзамга баш ийип айыбын толосун.
+11
Azatbek.Svoboda.
2018-05-31 20:13:38
ГАИлерда чуркап барып машинага өзүн таштап жата калып мода кылып алышкан! Видеого тартып номерин жазып алып шашылбай кармагыла! Сөзсүз кууп одарып салбай же жармашып албай деле иштешсе болмок!
+2
Tailgate
2018-05-31 20:23:50
60ка чыксан дагы аллах таала ХХХХХХХХ экенда адамзатка
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-05-31 22:51:07
Tailgate,Эмне болду сага кыйналып алыпсың?Жараткандын аты чоң тамга менен жазылат чала молдо! Өзүңдөн улуу адамды антпе! Адам адашат башка ыймандуу жол менен түшүндүрүп кой!
-2
Ask094
2018-05-31 20:47:11
Атын жашырбай жазгылачы толук
+6
Ask094
2018-05-31 20:47:36
Эмне кылымышкерлерди элден жашырасынар
+9
Pandora
2018-05-31 22:12:43
Бир жеп ч...рдын аялыдырда куйоосунун акчасына кооп качып,инспектор да озуну машинанын устуно таштабай данныйларын жазып алса базадан чыгатго,ошого карап айып пулун сала бергиле.
0
progresskg
2018-05-31 22:17:01
Америкада ушундайларды атып салганга укугу бар полициянын. Мисалы полицияга кол которсон, алар озун коргоо учун деп олтуруп салганга толук укугу бар, жана эч ким эч нерсе дей албайт. Кыргыздарда жолдордо террористтер жана айбандар коп. Бул - факт. Аларды да ошентип атпаса, алар жон эле куноосуз адамдарды сузуп, олтуруп, кичине балдарды тебелеп журушот. Ошондой кыла башташ керек эртереек. Аялбы, эркекпи, жашына карабай.
+4
Azatbek.Svoboda.
2018-05-31 22:52:39
progresskg,Америкаңа кет анда!
-7
Sezim.A
2018-05-31 22:19:25
Лексус 570ти жонокой адам минбейт...ХХХХХХХХХХХ!!!
+2
orhideya_15
2018-05-31 22:32:42
Биздин элдин деңгээлин америкалыктар менен салыштырып болбойт. Эгер силер айткандай закон киргизсе милиция кызматкерлери каалаганын атып өлтүрүп, өзүмдү коргодум деп бирпаста элди кырып салышпайбы.
+3
AKCAHAT
2018-05-31 23:21:46
Албетте эч жерде сразу атып салбайт. Биринчи эскертилет анан а манна ок чыгарылат ошондо да баш ийбесе айтууга укугу болот. Ошентиш керек негизи болбосо кыз боозуп энесин коркутат болуп. Мас ар кандай абалда жада калса тратуарды,пешеходу,аялдаманы да козго илбей калышты.Копкон ойноштор,токолдор байдын кызы, аялдарыныкы отту.
0
saparu
2018-06-01 07:40:48
Progresskg,биздин милициялар кол которбосон деле атып салат анда
0
anGelina-345
2018-06-01 08:41:39
Өзүн 18-жашаар сезген окшойт бул катын, ХХХХХ
0
kechirmeni
2018-06-01 09:09:56
эми катуураак чара коргуло, эгер акчасын алып тааныш билиш кылып кое берсенер дагы 99ун ушул кесиптешинердин кейпин киесинер, дагы 99 айдооочу силерди капотко суйройт
0
arlekino
2018-06-01 10:50:40
Аял ушуну кылса анда соз жок.....ыйман ынсап деген такыр жоголуп баратканбы деги, мындай катын балдарына кандай тарбия берип жатты экен
0
arlekino
2018-06-01 10:57:33
Кимдин кызы суйлосо да Балтабайдын кызы суйлосун болгон го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан