Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы бүгүн, 1-июнда Улуттук статистика комитетинде көчмө жыйын өткөрүп, аталган мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышууда. Ага фракция мүчөлөрү, Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү катышууда. Жыйын учурунда комитет төрагасы Акылбек Султанов баяндама жасап, аткарылган иштер жана алдыдагы пландарга токтолду. Султанов өз сөзүндө бул тармакта көйгөй көп экенин баса белгиледи. Анын айтымында, аталган комитеттин аймактардагы бөлүмдөрүнүн имараттары оңдоп-түзөөгө муктаж абалда турат.
"Аймактарда жалпы 25 бөлүмүбүздүн имарты бар болгон болсо, анын жетөө авариялык абалда турат. Айрымдарын оңдоо үчүн каражат сурап Каржы министрлигине кайрылганбыз. Бирок азырынча жооп келе элек", - деп билдирди Султанов.