2020-жылы Эл жана турак жай каттоо өнөктүгү жүрөт. Бул тууралуу Жогорку кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын Улуттук статистика комитетинин жыйынында айтылды. Аталган мекеменин Статистикалык каттоо бөлүмүнүн башчысы Айгүл Жаркынбаеванын маалыматына караганда, каттоо иши ооз эки түрүндө жүрүп, кагазга түшүрүлүп калат. Анын айтымында, Кыргыз мамлекетинде элди жана турак жайды каттоо иши 1999-2009-жылы өткөрүлгөн.
Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановдун айтымында, аталган өнөктүктү кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өткөрүү планы коюлган. "Биз электрондук форматка өткөрүп, сурамжылоону планшет аркылуу өткөрүүнү пландаганбыз. Бирок биз суранган каражат өз убагында бөлүнүп берилбей жаткандыктан, планшетти кийинки сурамжылоого жылдырууну туура көрдүк. Биз келечекте сөзсүз түрдө планшет менен сурамжылоо жүргүзүүбүзгө туура келет", - деди Султанов.