Мыкты спортчулар кайсы облустан чыгып жатканы айтылды

Чет өлкөгө спорт боюнча мелдештерге чыккандардын 90 пайызы аймактардан чыккан жарандар. Бул тууралуу бүгүн өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов айтты.

Депутат Карамат Орозова спорттон жетишкендикке жеткендер кайсы облуска тиешелүүлүгүн сурады. "Негизги спортчулар аймактардан чыгат. Өлкө курамасынын 90 пайызы - аймактардан чыккан спортчулар. Негизинен спорттон жетишкендикке жеткендердин басымдуу бөлүгү Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарына таандык. Спортчуларыбыз чет өлкөгө мелдештерге чыкканда мамлекет жана ар кандай демөөрчүлөр каржылык жактан колдоого алышат. Ал эми мамлекеттин атынан чыккандар 100 пайыз бизден каржыланат", - деди Аманкулов.

Учурда КСДП фракциясы өлкөдөгү спорт жана дене тарбиядагы көйгөйлөрдү талкуулоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Pchelka85
2018-06-01 11:53:53
Ай байкуш депутат ай... башка актуальный суроон жок болсо, акырын дымынды чыгарбайле отура бербейсинби... кыргызстанда башка койгойлуу маселе, суроолор жоктон бешбетер...
+18
Isco22
2018-06-01 12:06:10
Кайсы аймактан дейт да общийле жазып коюптур го. Бир жолу КР деп койбоптур да
-1
Дарыгер
2018-06-01 16:43:16
Isco22, туура айтасын.
0
al-abu-kinesz
2018-06-01 12:12:48
Ушул суроо эмнени чечет? Дагы бир аймактык болунуулорго негиз тузуп бериптир. Капа кылбай Нарындыктар менен Баткендиктерди да кошуп койбоптур ушунча болду. Бардык областтан толтура дебейби
+18
gordaya
2018-06-01 13:44:46
al-abu-kinesz, ошо да, козго басар Айсулуубуз Нарындан болуп жатса
+8
Flowhive
2018-06-01 15:52:19
gordaya,майлуу суудан эмесби
+4
manaas
2018-06-01 13:04:10
Оштон кучтуу спортчулар чыгып жатат деп эле айтпайбы, кокбору футбол спорттун бардык эле турудон ош чемпион болтат.
-7
Asyl.jazi
2018-06-01 13:08:56
Баткен ушул жерде дагы калып кетиптир да
+11
karakulja
2018-06-01 13:49:11
Asyl.jazi,Э тууган Баткен тил боюнча бербейт эч кимге!
+14
Dalil
2018-06-01 15:04:20
karakulja, бул эмне деген сөзүң? Мен Баткенден болом жана Баткенден болгондугума сыймыктанам. Баткенден спортчулар аз чыккандыгынын көп себеби бар. Биринчиден жашоо шартынын оордугу. Окуучу кезден эле талаа иштерине жардам берип спорт менен алектенгени убакыт аз болот. Экинчиден жашоо шарттын оордугунан окууну бүтүп эле шаарга иштеп акча тапканы жөнөшөт. Бизде да Акжол Сулайманбек уулу сыяктуу келечектен үмүттөндүргөн спортчуларыбыз бар
+9
Muratmipa
2018-06-01 16:27:05
karakulja,бийликти да бербей келди эле эми акыркы убакта талаш
0
Kymyzkyz
2018-06-02 15:42:30
karakulja,тиги депутат экөөңдүн акылың араң ошого жеткен турбайбы ээ?
0
Topchu83
2018-06-01 16:07:48
Asyl.jazi,бул депутат билбей эле дооруп коюптур волейболдо кыргызстандын курамында ойногон жамал эмиль доорбек баткенден болот депутатка айтып койгула тааныштары
+3
Topchu83
2018-06-01 16:20:41
кечээ жакында эле женил атлетика боюнча КР чемпионаты болду ошондо 100метрге чуркоодо 1-орунду баткендик жамал алды депутаттар жанылыктан артта калбай жанылык окуп тургула
+3
Pchelka85
2018-06-01 19:16:04
Кыргызстандыктар... биз бир элбиз... болунбойлучу... депутат эми жеткен акылы ошол болсо керек дооруп суроо ьерип коюптур. Депутаттын акылы кем болсо ага тенелип биз жа кемчонтой болбойлук, туугандар!!!
+3
Kamaliddin
2018-06-02 11:41:55
Алыштын коп эле балбандары Баткенденго.
+1
Azamat_15
2018-06-03 07:16:26
Буй буй аяш авалар болдугула,мактанганынар таластыктардан ашып кеттинер го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан