"Өкмөттүн социалдык тармагын эркек киши жетектеш керек". Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 1-июнда КСДП фракциясынын жыйынында айтты.
Анын айтымында, буга чейин ушул тармакты тескеген вице-премьер-министрлер жакшы иш алып бара алган эмес. "Негизи спорт тармагын эркек киши жетектегени туура экен. Элвира Сариева, Чолпон Султанбекова жана башка өкмөттүн социалдык тармагын жетектеген вице-премьерлер учурунда спорт тармагында жакшы иш жүргөн эмес", - деди Момбеков.
Андан сырткары эл өкүлү өкмөттүн баяндаманы кыргыз тилинде жасап, бирок маалыматтар кагазда расмий тилде берилгенине нааразы болду. "Буга чейин эле кыргыз тилинде бергиле дедим эле го. Эмне кыргызча даярдагандар билбейби7 Шылдыңдаганыңарбы бул? Бизге жетишкендиктерди, көйгөйлөрдү айтпайсыңарбы? Канат Бегалиевдин айлыгынын эмне кызыгы бар бизге", - деп кошумчалады Момбеков.
Учурда КСДП фракциясы өлкөдөгү спорт, дене тарбия жана жаштардын көйгөйлөрүн талкуулоодо. Жыйында өкмөттүн социалдык тармагын жетектеген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баяндама жасады.