Улуттук статистика комитетинде жаш кадрлар жетишсиз. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Акылбек Султанов бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы өткөрүп жаткан көчмө жыйында билдирди. Мекеме жетекчиси бул маселени айлык маянанын аздыгы, кошумча сый акынын жоктугу менен түшүндүрдү.
"Статистика комитетинде республика боюнча 1000ден ашык кызматкер бар. Бирок заманбап технология менен иштөөнү билген жаш кадрлар жетишсиз. Иштеп жаткандардын көпчүлүгү орто жаштан жогору. Андан сырткары биздин кызматкерлер башка мекемелердин кызматкерлериндей ай сайын же квартал сайын сый акы алышпайт, айлыктары аз", - деди Султанов.
Учурда фракция мүчөлөрү менен Улуттук статистика комитетинин жетекчилери аталган мекеменин ишмердүүлүгүн талкуулап жатышат.