Өкмөт Улуттук статистика комитетине өгөй баладай мамиле кылууда. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Акылбек Султанов Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын көчмө жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинен башка бүт мекемелерде иштөөгө толук шарттар түзүлгөн.
"Урматтуу депутаттар, бизге келип көчмө жыйын өткөрүп, көңүл буруп жатасыздар. Бирок биз өкмөткө өгөй балага айландык. Анткени бизден башка бүт мекемелерге барсаңыздар, отурган дивандары, эмеректери, имараттары жаңы, айлыктары дагы жакшы. Ал эми бизге көңүл бурулбай жатат", - деди Султанов.
Ошондой эле Султанов Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда бир гана ирет жолугушканын айтты. "Мурун премьер-министрлер ай сайын кабыл алып, жыйын өткөргөндө биз берген маалыматтарды алышчу. Чынын айтканда, Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда мени бир гана ирет кабыл алды", - деди Султанов.