Депутат Улуттук статистика комитети статистикалык маалыматтарды кайдан аларына кызыкты

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын Улуттук статистика комитетинде көчмө жыйыны өтүп, анда аталган мекеменин ишмердүүлүгү талкууланды. Анын жүрүшүндө депутат Абдыкапар Султанов Улуттук статистика комитетинин ишине оң баа берди. Анын айтымында, ай жана жыл боюнча чыгарылган анализдик көрсөткүчтөр өкмөт тарабынан туура пайдаланылса, жакшы жыйынтык берет.

"Биз Улуттук статистика комитети жалаң гана сандар менен алектенет деп ойлогонбуз. Көрсө, мында анализ дагы бар экен. Бирок анализдер сиздердин имараттан сыртка чыкпагандыгы мени өкүндүрөт. Ошондуктан өкмөт жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына, министрликтерге баа берүүнүн алдында статистика комитетинин анализдерине маани берип коюушу керек. Биз муну өкмөткө милдеттендирүүбүз керек. Мында коррупция, базар баалары боюнча анализдер бар экен. Бул кагазга түшкөн бойдон калбашы керек. Экономикага өтө чоң таасир берет", - деди депутат Султанов.

Эл өкүлү ошондой эле Улуттук статистика комитети статистикалык маалыматтарды кайдан аларына кызыкты. Анын пикиринде, ар бир адамдын жеке чарбалык иштерин сурап барууга статистика комитетинин мүмкүнчүлүгү жок.

"Азыр завод жана фабирикалар жок, жалаң жеке менчик болуп кетти. Алар отчёт беришпейт. Анан калса, ар биринин үйүнө кирип барууга мүмкүнчүлүк жок. Бул жердеги көрсөтүлгөн эсептик сандарды карап туруп анализдерди кайдан аласыздар деп сурагым келип турат. Эмне асмандан аласыздарбы?" - деп суроо салды депутат.

Улуттук статистика комитетинин айыл чарба боюнча адиси ар бир айыл өкмөттө бирден адис бар экенин, алар берген маалыматтардын негизинде жыйынтык чыгарыла турганын билдирди. "Ар бир айыл өкмөттө бирден экономист адис бар. Алар республикалык бюджеттен айлык алат. Айлык алгандыктан алар менен райондук статистика бөлүмдөрү келишим түзөт. Алар бир айыл өкмөттө 300 мал чарбачылыгы болсо. баарына барбайт, 10 гана мал чарбачылыгына барып, жылына канча мал союлат, канча тоют жыйнайт, канча эт, сүт ала турганын аныктап бизге жиберет. Бардык эле тармакта ушундай", - деди Улуттук статистика комитетинин адиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2018-06-01 17:43:03
Депутат,аман эле бол да.Элементарный нерсени билбейсин го.Ар бир айыл окмотто эконом-статистика адиси бар,ал райстатка,райстат облстатка отчет берет.Облстаттар республикага берет.Ошентип маалымат "жерден" эле топтолот "асмандан" эмес эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан