СУПЕРСТАН: "Балдарымды өзүм эле багып алам дечүмүн, бирок атанын мээримин бере албайт экенмин..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ажырашуудан кийинки абал" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Саламатсыңарбы урматтуу форумчулар! Ажырашкандан кийинки абал кандай болот, жаза кетсеңиздер? Кимдин башынан өткөн жана кандай кеңештерди бере аласыздар? Күтөм...", - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Биринчи ажырашканда жаман болгом. Өлгүм келип, көчөгө чыга албай калгам. Кош бойлуу да элем. Кайра жарашып жашадык, бирок өзгөрүүсүз. Мен иштеп жатам деп милдет кылат, өтө майдачыл болуп кетиптир. Жакшы эле аракет кылдым, түшүнбөй койду. Ал оюнда каякка барат бала менен деди окшойт. Акыры кетип калдым, өкүнбөйм, капа да болбойм, үстүмдөн чоң жүк түшкөндөй болдум".

- "Психологго баруу керек. Эгер адам стресске кабылган болсо, өзү аракет кылбаса, чыгуу кыйын. Ар кандай кырдаал болуп ажырашып кетишет. Бирөө балдар үчүн чыдап жаша десе, экинчиси ажырашып туура кылдың дешет. Бирок кабыргаң менен кеңеш. Көпчүлүк ажырашкан айымдар турмуш куруудан коркуп калышат, анан турмушка чыкпай коюшат".

- "Ажырашуудан Кудайым өзү сактасын. Ар бир адам турмуш куруп жатканда жакшы ниет менен бактылуу болоюн деп ойлойт. Бирок "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, жашоодо баары биз каалагандай болбойт. Ажырашкан адам үйүндө көчөгө чыкпай кечке жата берсе, буулугуп жүрөгү ооруйт, депрессияга кабылат, оюна жаман ойлор келет. Башымдан өткөн. Азыр ошол кезди эстесем "жинди экенмин, ушунча кайгырып, кыйналып, оорукчан болуп, зарыл беле мага" дейм. Ошол кездеги окуялар ушундай абалга жеткирчү".

- "Мен кээде кетем десем, кайненем акыл айтып жатып таарынычымды кантип унутуп калганымды билбей калам дайыма. Кайненемдин өмүрүн тилейм".

- "Аялга күйөө табылат. Эркекке аял табылат. Балдарга өз ата-энесиндей ата-эне табылбайт деген сөз бар го".

- "Менин жашоомдо да ай сайын ушул тема козголуп турат. Мурда үй-бүлөнү жетиштүү каржылап турсаң эле бактылуу болосуң деп ойлочумун. Андай эмес экен. Эх, айта берсе сөз көп... "

- "Менин башымдан өттү бул күндөр, өткөндү эстештин кереги жок деп ойлойм. Балдарымды өзүм эле багып алам дечүмүн, бирок атанын мээримин бере албайт экенмин. Азыр балдарым атасын эстешпейт, сөз дагы кылышпайт. Чоңойгондо айтам баарын. Эки балам эки жакты карап өздөрүнчө буулугуп ыйлашканда, кирерге тешик таппай калам. Эмнеге мындай кылдык деп өкүнөм, күйөөм кайра жарашам деп келсе, балдарым үчүн жарашам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан