Жылмаюуң жүрөк жылытат. Балдар майрамынан сүрөттөр

Бүгүн, 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул күн Кыргыз жеринде да жыл сайын шаңдуу майрамдалып, бөбөктөргө жылуу маанай тартууланып келет. Бөбөктөр жайдын биринчи күнүндө өзгөчө кубанычка бөлөнүп, ата-энелери менен эс алуучу жайларда болушат. Бишкектеги сейил бактарда да жылдагыдай бөбөктөрдүн күлкүсү жаңырып, өзгөчө маанай жаралып келет. Мындан улам алардын кубанычын сүрөткө тартып, окурмандардын көз алдына сунуштайбыз.

Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылдын ноябрь айында Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген. Бириккен улуттар уюму балдардын укугун, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону өз ишмердүүлүгүнүн бир багыты катары тандап алган.

Эл ичинде айтылып жүргөн жоромолдордун бири - 1925-жылы 1-июнда АКШнын Сан-Франциско шаарында кытайлык жетим балдарга арналып атайын иш-чара уюштурулган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orhideya_15
2018-06-01 23:29:22
Бала бул-жашоонун маңызы. Дүйнөдөгү баардык балдарга бактылуу балалык каалайм.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан