Биз социалдык тармакта

Казакстанда 19 жаштагы кыз менингит оорусунан улам каза болду

Алматыда менингит дартына кабылган 19 жаштагы кыз каза болду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, кечээ, 2-июнда Алматы облустук жугуштуу оорулар ооруканасына 19 жаштагы кыз оор абалда келип түшкөн. Бирок ал 2 сааттан кийин көз жумган. Дарыгерлердин айтымында, кыз оорусу күчөп кеткенде кайрылган.

Казак маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, 1-июнда Казакстандын Алматы шаарында менингококк вирусунан беш жаштагы бала көз жумган. Ал эми каза болгон кыз 5 жаштагы баланын жакын тууганы менен мамиледе болгондугу айтылган. 19 жаштагы кыз досу менен бирге 5 жаштагы баланы алып кетүү үчүн бала бакчага барган болушу мүмкүн. Мындан улам ал аба аркылуу менингококк инфекциясын жуктуруп алган деп кошумчаланган.

Менингококк инфекциясы - курч жугуштуу оору. Ал аба аркылуу да жугат. Оору майыптыкка алып келиши же өлүм менен аякташы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aiza9797
2018-06-03 18:15:00
Кудайым өзү сактасын
+19
Gulnyr19
2018-06-03 18:51:04
Тобоо кылдым Аллахым өзүң асыра
+13
Zamka79
2018-06-03 18:52:03
Кудайым озу сактасын
+10
karakulja
2018-06-03 20:12:11
Мынадай оорудан бизде кайтыш болгондор коп. Эмнеге ошолорду айтпадынар. Казак бизге ким эле
-2
salimbek87.kg
2018-06-03 20:26:26
karakulja,казактар биринчиден
Бизге мусульман бир тууган
Экинчиден казак кыргыз бир тууган
Деп койот үчүнчүдөн казактар бизге
Жеен болот менимче . Кайдагы бир
Жет элдерге комментари жазгычаңар
Бир туугандарга жазгыла.
0
Zarlykbek
2018-06-03 21:07:39
salimbek87.kg,туугандыгын аябай кылып жатат коруп турабыз тууганбыз деп коюп арттан бычак саят кк болсо
+10
Kroxa
2018-06-04 20:55:06
karakulja,казакстанда коп киши ушул оорудан улам коз жууип атышыптыр абада инфекция болсо кудай сактасын биз казакка жакынбыз жана да жугуштуу экен го...
0
pyeon hwa
2018-06-04 10:18:37
Негизи Казак бир тууган эмес, Алар бизден кийинчереек пайда болгон, озулору бизге бир тууган деп жабышат! Казактан башка жакын туугандарыбыз бар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан