Бишкектин Биринчи Май районунан 78 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-июнь күнү саат 22:58де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачып киришкен. Батирдин ичинде 1940-жылы туулган К.Н.И. (аял киши) аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.