Кыргыз мамлекети жолдордун абалын аныктаган рейтингде эң начар деп табылды. Мындай аныктаманы "Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк-2017-2018" көрсөткүчтү аныктаган компания жарыялаган.
Жалпысынан 137 мамлекетке изилдөө жүргүзүлүп, анда өлкөдөгү жолдордун абалы 1ден 7ге чейинки баскычта бааланган. 137 өлкөнүн ичинен бири да 7 балл алган эмес.
Жолдору боюнча эң начар деп тизменин аягына 2 балл алган Мавритания түшкөн. Андан кийин 2,1 балл менен Конго жана Гаити Республикаларынын жолдорунун абалы жаман экени аныкталган. Мадагаскар, Гвинея, Йемен, Парагвай, Украина, Мозамбик жана Молдованын жолдору 2,3 баллдан 2,5 баллга чейинки көрсөткүчтө орун алган.
Ал эми Кыргыз өлкөсү тизменин 122-катарында болуп, 2,7 балл менен бааланган. Тизменин сап башын Бириккен Араб Эмираттары, Сингапур, Швейцария, Япония, Нидерланды, АКШ, Франция, Португалия жана Австрия ээлеген.