Жээнбековдун Кытайга качан жөнөй турганы белгилүү болду

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-8-июнь күндөрү Кытайга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкө ортосундагы мамилелер боюнча пикир алмашат.

"9-10-июнь күндөрү өлкө башчыбыз Шанхай Кызматташтык уюмунун кезектеги жыйынына катышат. Бул жыйында эл аралык жана аймактык мамилелер талкууланат", - деди Сыдыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zarlykbek
2018-06-04 12:54:14
Бизден болду эч качан жер сурабагыла деп айтып катуу дайындап келсинчи сураныч карыздарыбызды толойбуз коррупционерлерди кустуруп докладына кошуп койгула ушуну
+6
nazarKGZ
2018-06-04 13:16:04
Дагы бир жерди сатканы кетип жатат кытайга чыгарып туруп киргизбей койуш керек карыздын ордуна ушу деп
0
nazarKGZ
2018-06-04 13:17:16
жоштон жон чыгат
+2
nemo2016
2018-06-04 14:38:10
Жерин саткан адам элин да саткан болот,мейли мамлекет онукпосо онукпосун бирок жерибизди сактап калайлычы Кыргыздар.
+6
fantomas
2018-06-04 18:11:37
Айрымдар болбой эле Жээнбнковго умут артып жатты эле, ушул киши Кыргызстанды ондойт деп... Бирок мен айткамын, бул кишинин пайдасынан зыяны коп болоор деп...

Мына, Бишкектин так ортосунан 3,3 гектар жерди Кытайларга бердируу боюнча тапшырма Жээнбековдон болбой кимден болду?!! Тышкы ичтер министри озу буту куйгон тооктой Бишкек мэриясына чуркап барып, депутаттардын бир кун мурунку пикирин озгортуп кайтты го... Дагы 2003-жылы чечилген деп кутулуп кетишти, элди алдап...
+2
fantomas
2018-06-04 18:15:58
Экинчиден тышкы карыздар колкого жетип турган учур. Айрыкча Кытай берген карыздар кандай шартта берилгени, ал карыздар жумшалчу жумуштарга ТВЕА ж.б.кытайлык компаниялар тартылганы, кандай коррупцияга жол берилгени бугун коомчулукта чон талкуу болуп кыжырдануу жаратып жаткан учурда, Жээнбеков бул сапарыда Кытайдан 70 миллион доллар грант алып кайтат имиш. Бирок башкалар грант бергенде да Кытай оной менен грант берчу эмес эле.
+2
fantomas
2018-06-04 18:20:26
Значит Жээнбеков Кытайдан 70 миллион доллар карыз алып жатат грант эмес эле же болбосо кайсы бир жерлерди жен ичинен пулдап (сатып) ошонун акчалары, калп эле грант дегендери...

Айтор, Жээнбеков да жарытпай турган болду... Эмне кылыш керек туугандар, эми чогулуп Сокени кууп чыгабызбы анда, Акаев менен Бакиевдин артынан?!!

30 жылдан бери карыз алып элдин бешенеси жылыбаган, эми жылымак беле?!! Анын пайдасын баягы эле бийликтегилер корот да, ошол акчадан уурдаган...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан