Алай аймагындагы жер Кытайга берилет деген калп. Бул тууралуу 4-июнда маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
"Тажикстан-Кытай газ түтүгү Кыргыз жеринен өтсө, Алайды эки бөлөт деген маалымат туура эмес. Бул түтүктөрдү аскерлер коргойт деген да жаңылыштык. Түтүктөр дүйнөлүк стандартка ылайык 3-4 метр жер алдынан өтөт, "газ түтүгү өткөн" деген белгилер коюлат. Кытай бул жерди ижарага гана алган, жер биздин жер, бизге гана калат", - деди Сыдыков.