Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Дастан Догоев президент Сооронбай Жээнбековдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматын 2017-жылдын июнь айынан 2018-жылдын февраль айына чейин жетектеген. Ал үй-бүлөлүк шартына байланыштуу бул кызматтан кеткени айтылган. Буга чейин Догоев 2014-жылдын июнь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.