2018-жылдын май айында бажы төлөмдөрү аркылуу өлкө казынасына 3 миллиард 608,7 миллион сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында Бажы кызматынын төрөгасы Алмаз Оңолбеков билдирди.
Анын маалыматына караганда, май айына 3 миллиард 500 миллион сом чогултуу пландалган, бул план 103,1 пайызга аткарылды. 2017-жылдын май айы менен салыштырганда казынага түшкөн акча 792,7 миллион сомго көбүрөөк болду.