Эки айдын ичинде Кытайдан канча суммага жүк ташылып келгени белгилүү болду

Кыргыз жергесине эки айдын ичинде Кытайдан жалпысынан 301 миллион долларга жүк ташылып келген. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган убакыттын аралыгында Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү бекети аркылуу 3 миң 89 унаа менен 61,2 миң тонна жүк ташылып келген. "Эркечтам" аркылуу 1 миң 172 унаа менен 24 миң тонна жүк ташылып келген.
"2017-жылга салыштырмалуу январь-февраль айлары боюнча товарларды импорттоо 94 пайызга өстү. Эгер быйыл бул эки айдын ичинде 413 миллион долларга товар алынып келсе, былтыр 213 миллион доллар болгон. Кытайдан импорттолгон товарлар жалпы көлөмдүн 70 пайызын түзөт", - деди Оңолбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Flowhive
2018-06-05 11:40:56
Реэкспорт
+2
Attila88
2018-06-05 13:34:11
эн башкысы раиса жана ХХХХХХ атасыбайдын жугу жокбекен

+1
Attila88
2018-06-05 13:37:18
ХХХХХХХ бизнеси не болот экен эми.мурун карапайым калк берет эле бизнеске. ХХХХХ ХХХХХХХХХХХ
+1
Attila88
2018-06-05 13:39:52
таарынбагыла гоо бирок чын.2005 лозунг менен чыныгы митинг болгон.ал эми апрельде ХХХХХХХХХХХ
+2
admin_superstan
2018-06-05 14:05:37
Attila88,
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого, такталбаган маалымат жазып каралоого жана коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
-1
fantomas
2018-06-05 13:59:32
Ишенбегиле, бул цифралар чындыктан алыс... Комуско кирип жаткан жуктор канча...

Мисалы 2016-2017 3 ай аралыгында ар рейсинде 80-100 тоннадан жук келген, 53 рейс самолет менен. Ошондо 4-5 миллион тонна жук, баасы триллион долларга жакындап калаар... Ошолор бажы кызматынын отчетунда орун алган болсо, атымды башка коемун...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан