Бишкек мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгына караштуу №6-балдар искусство мектебинин “Жаш канат” хореографиялык ансамбли “OPUS-2013” деп аталган 9-эл аралык сынакта 1-орунду ээледи. Балдар чыгармачылыгынын бул сынагына Европа, Балтика жана КМШ өлкөлөрүнөн таланттуу жаш бийчилер, ырчылар жана балдар театрлары катышып, сынак 14-июндан 21-июнга чейин Каталонияда өттү. “Жаш канат” ансамблине 1-орун гана ыйгарылбастан, келерки жылы Рига шаарында өтүүчү “Rigas pavasaris-2014” эл аралык хореографиялык сынагына катышууга жолдомо тапшырылды.