"Ичпечи балам, жок дегенде орозодо ичпечи..." деген сөзү үчүн атасына бычак сайган уулу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Атасынын ѳмүрүнѳ кол салган тургун 2 айга камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери аяктаганга чейин Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында болору чечилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, 3-июнда Ошто ата-баланын ортосунда чыр чыгып, "ичпечи балам, жок дегенде орозодо ичпечи…" деген сѳзү үчүн уулу атасына бычак сайган. Тергѳѳ иштеринин алгачкы жыйынтыктарына ылайык, жабырлануучунун уулу алкоголдук ичимдиктерди көп ичкендиктен атасы ага "ичпечи балам, жок дегенде ыйык орозо күндѳрү ичпечи..." деп айткан. Анын сөзү мас абалындагы баласын ачуулантып, ал ашканадагы бычакты алып, атасынын артынан барып бычак менен моюнунан кесип жиберген. Анын кесепетинен атасы көп кан жоготуп, өз учурунда келген милиция кызматкери жана "Тез жардам" кызматынын жардамы менен гана өмүрү арачаланып калган.