Биз социалдык тармакта

Ошто жеңил унаа каналга түшүп кетип, айдоочу каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил унаа каналга түшүп кетип, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 5-июнь күнү саат 19:30да катталган.

"Нариман айыл аймагындагы Осмонов жана Ленин айылдарынын ортосундагы Түштүк каналына Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМнын №102-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышкан. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1958-жылы туулган А.А. каза болду", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан