Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров Лейлек районундагы Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени көтөрүп, өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуштады. Зулпукаровдун айтымында, чек арадагы жагдайды тез арада жөнгө салуу керек.
"Коңшу Тажикстан менен болгон чек ара маселесин көрүп жатасыздар. Жогорку Кеңеш чек арага жакын турган айылдарга өзгөчө статус берүү боюнча мыйзам кабыл алган. Ошондуктан мыйзамдын аткарылып жатышы, чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салуу боюнча өкмөттүн аткарып жаткан иштери боюнча өкмөттүк саат өткөрүү керек. Биз бул маселени жайкы эс алууга кеткенге чейин карап чыгышыбыз зарыл", - деп сунуштады Зулпукаров.
Төрага Дастан Жумабеков июнь айында өкмөттүн 2017-жылы аткарган иши боюнча отчёту карала турганын, чек ара боюнча маселени да отчёт менен бирге кароого боло турганын айтты.
Депутат Зулпукаров чек ара боюнча маселе тараптардын коопсуздугу үчүн жабык өткөрүү керек болгондуктан өзүнчө өкмөттүк күн өткөрүү туура боло турганын белгиледи.
Жыйынтыгында сунуш Жогорку Кеңештин июнь айындагы календарлык планына киргизилди.
Белгилей кетсек, 4-июнь күнү саат 17:10 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында Тажикстандын чек арачылары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр-чатак чыккан.