Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште өкмөттүн Баткендеги өкүлүн жумуштан бошотуу талап кылынды

Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаевди жумуштан бошотуу талап кылынды. Депутат Таабалды Тиллаевдин айтымында, облус башчысы чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө жөндөмсүздүк кылууда.

"Бул кишинин облус башчы болуп келгенине 2-3 жыл болду. Бирок эч кандай маселе чечиле элек. Облус башчынын деңгээлинде чечилиши керек болгон көйгөй республикалык деңгээлге чыгып кетип жатат. Бул киши жаралган көйгөйдү ордунда чечүүнүн ордуна жергиликтүү элге "мен губернатор болуп турганда чек ара маселелерин көтөрбөңүздөр" деп айтып тим болот. Ошондуктан анын ордуна чек ара боюнча маселени, элдин көйгөйүн чече ала турган адам келиши керек", - деди Тиллаев.

4-июнь күнү саат 17:10 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында Тажикстандын чек арачылары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр-чатак чыккан.

Эскерте кетсек, Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп 2016-жылдын июль айынан бери иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dalil
2018-06-06 11:16:33
Чече албаганды кетирүү керек. Ансыз да кыргыз жерине кирип келген тажик аскерлерин кош колдоп өткөрүп беришти. Эми алар биздин күнөөбүз жок кыргыз тарап уюштурду деп бизди күнөөлөп жатышат. Күнөөсүн моюнуна алганча бербей кармап, экинчи жолу кыргыз чегине кирбей турган кылып коюу керек эле. Чек арачылардын абалын да ойлогула да алар өз жанын тобокелге салып кармашса силер сүйлөшүп эле коё берсеңер. Анысы аз келгенсип кайра өздөрү күнөөлүү болуп калышса.
+3
Dalil
2018-06-06 11:21:35
Айбалаевдей губернатор келе элек Баткенге. Ал өзбек чегинен өткөндө өзбектин жоокерлери чест берип турат эле, азыркыдай биздин жерге кирмек түгүл, кыр көрсөтө алчу эмес. Андан кийин жарытылуу иш кылган губернатор келбеди. Жеңиш Раззаковдун кылган ишинен дайын жок вице премьер министр болуп көтөрүлдү. Абиш Халмурзаев да бир аз иштемиш кылып андан кийин дайыны чыкпай калды
+3
salimbek87.kg
2018-06-06 11:40:40
Айбалаев болуш керек ошондо чек ара маселеси чечилет.
+1
RICH.
2018-06-06 21:59:47
Туура Айбалаев кеткенден бери андай губернатор келе элек бирок Айбалаевдей намыской мекенчил Баткендин эли бар аларга ырахмат чек ара маселесинин ысык-суугуна чыдап ушу маалга чейин келе жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан