Биз социалдык тармакта

Бишкекте дарыгерлер бөйрөктү алмаштыруу операциясын жасашты

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кыргыз дарыгерлери тарабынан бейтаптын бөйрөгүнө операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Эне баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

"Кыргыз өлкөсүндө бөйрөктү трансплантациялоо үчүн биз он жыл даярдандык. Биздин топ Орусия, Беларусь, Түркия өлкөлөрүн кыдырып, бул операция кандай ыкмалар менен жасала турганын көрдүк. Ушул мамлекеттердин ичинен бизге Беларустун ыкмасы жакты. Мындан улам биз алардан окуп-үйрөнүүнү чечтик. Биздин топ окуп бүткөндөн кийин алар биздин өлкөгө келип, өздөрү бейтаптардын бөйрөгүн алмаштырып бизге тажрыйба берүү менен жардам кыла тургандарын айтышты. Алардан 15ке жакын дарыгерлер тобу Кыргыз өлкөсүнө өз аспаптарын кошо алып келип, 15 бейтапка операция жасашты. Андан соң биздин өлкөдө бөйрөктү алмаштырууга уруксат берилген, башкача айтканда, адистердин билими, тажрыйбасы жете турганын далилдеген сертификат беришти. Бизде жабдуулар жок болгондуктан, Жогорку Кеңешке керектүү жабдууларды алып берүү боюнча кайрылдык. Алар биздин кайрылууну туура деп таап, Саламаттыкты сактоо министрлиги жетиштүү каражат бөлүп берди", - деди борбордун директору.

Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бөйрөктү алмаштыруу үчүн жасалган операцияга бардык жабдуулар алып келинген.

"Бригадабыз 20дан ашык дарыгерлер тобунан түзүлдү. Биз үчүнчү жаранга ийгиликтүү операция жасадык. Ал эми акыркы жолу алмаштырылган бейтап январь айынан бери гемодиализ алып жүргөн. Ага эжеси донор болду. Операциядан кийин эле биз алмаштырган бөйрөк жакшы иштеди. Донор болгон адамдын жибин 6 күндөн кийин алып үйүнө чыгарсак, бейтапты 11 күндөн кийин чыгардык. Эне жана баланы коргоо борборунда операция жасалып баштаганы абдан жакшы болду. Себеби буга чейин мекендештерибиз алыскы өлкөгө барып, көп каражат коротуп кыйналып жүргөн. Ал эми операциянын Бишкекте жасалган баасы мамлекет тарабынан бекитилип, 7 миң доллардын тегерегинде боло турганы аныкталды", - деди Узакбаев.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Suzak12
2018-06-06 12:35:37
Жакшы кабар бирок кымбат экен менин ойум
+5
salimbek87.kg
2018-06-06 12:48:43
Suzak12,адам өмүрүн алдында бул
7 миң доллар эч текени чечпейт.арзан
+3
Suzak12
2018-06-06 13:32:36
salimbek87.kg,Туура бирок адам омурунун наркы жок бирок биздин Кыргызстан эли учун кымбат дагы деле арзан кылса болот себеби айыл жерлер бар керек болсо уйун сатса 7000 долларга албайт.
+1
Shaa-82
2018-06-06 12:45:38
Жакшы жанылык, болот экенго жасаса.
+6
bazar
2018-06-06 12:48:56
Жакшы кабар. Турцияга барып 40 000 $ жок кылып жүрүшкөн.
+1
RusMos76
2018-06-06 13:14:23
Жакшы кабар. Чет мамлекетке коштогон адамы менен барып келиштин озу эле 7000доллар тузушу мумкун операцияга чейин. Арзан эле дарыгерлер дагы тажрыйба алып туруш керек да, айлык акы дегендей.
+2
Tolkun555
2018-06-06 13:42:03
RusMos76,биздин айылдан бир келин 4 жыл кыйеалып журуп 15000 долларга тажикистандан алмаштырып келди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан