Жогорку Кеңеште КТРКнын байкоочу кеңешинин отчёту каралып жатат

Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында КТРКнын байкоочу кеңешинин 2017-жылдагы отчёту каралып, депутаттарга анын төрагасы Жыпар Жекшеев баяндама жасап жатат. Жекшеев байкоочу кеңеш КТРКга келген каттар менен таанышып, бир жылда жалпы 13 жолу жыйынга чогулганын айтты.

"Байкоочу кеңеш 15 адамдан турат. Анын 5и президент тарабынан, 5и Жогорку Кеңеш тарабынан, 5и жарандык коом тарабынан сунушталат. Байкоочу кеңеш каналдын ичиндеги бардык иштерге аралашууга акысы бар. Ошол эле келген каттарга жана чарбалык жумуштарга аралаша алабыз. Бирок башкы милдетибиз каналдын саясий багытын аныктап, көзөмөлгө алуу болуп саналат", - деди Жекшеев.

Байкоочу кеңештин төрагасы депутаттар тарабынан буга чейин айтылган сындарды эске ала турганын кошумчалады. "Буга чейин комитет жыйынында депутаттар байкоочу кеңеш өз иши тууралуу эмес, КТРК жетекчилигинин аткарган чарбалык иштери боюнча отчёт берип жатканын айтып, сынга алышкан. Ошондой эле "маалыматтар бир тараптуу кетип жатканда көзөмөл жасаган жоксуңар" деп сындашкан. Биз сындарды карап, эске алабыз", - деди Жекшеев.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан