Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында КТРКнын байкоочу кеңешинин 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчёту каралууда. Жыйындын жүрүшүндө байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев жана КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун дарегине карата сын-пикирлер айтылып жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Камчыбек Жолдошбаев Карыпбеков жана байкоочу кеңеш туура эмес иштерди жасап жатканын айтты.
"Жыргатып эч нерсе жасаган жоксуңар. Мага көп каттар келди. Мында гезитке чыккан макала, интервьюларыңарды чогултуп келишиптир. "КТРК Карыпбековдун менчигиби?" деген макала, Чынар Капарованын каттары турат. Дагы бир кызды инсульт кылып өлтүрүп коё жаздапсыңар. Жалаң эле аялдардын иштери. Бул кылганыңар туура эмес. 1940-жылдары кыргыздын ата-энелери "Гитлерди кантип жеңсек экен" деп ыйлаган да. КТРКнын эли сени Гитлерге теңеп, "ушул качан кетет, кантип жеңебиз, ошол күнү той кылат элек" деп жатышат", - деди Жолдошбаев.
Илим Карыпбеков депутаттын айтканына: "Карыпбековдун кете турганына 8 ай калды. Ошондон кийин деле болот", - деп жооп берди.