Жогорку Кеңеште каржы министринин орун басары "Илим Карыпбеков калп айтып жатат" деди

Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков менен каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков кайым айтыша кетти. Алардын пикир келишпестикке баруусуна КТРКга бюджеттен бөлүнгөн каражаттын көлөмү түрткү болду. Жыйында КТРКнын байкоочу кеңешинин отчёту каралып жаткан. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Илим Карыпбеков КТРК үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражат акыркы 5-6 жылдан бери өзгөртүүсүз которулуп жатканын айтты.

Анын мындай сөзүнөн кийин каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков Карыпбековду "калпычы" атады. Анын белгилешинче, жыл сайын КТРКга бөлүнгөн каражат көбөйтүлүп жатат. "Илим Майрамбекович "каражат көбөйбөй жатат" деп калп айтып жатат. 2015-жылы 400 миллион сом, 2016-жылы 430 миллион сом, 2017-жылы 475 миллион 300 миң сом бөлүнгөн", - деди Карымшаков.

Каржы министринин айтканына Илим Карыпбеков жооп кайтарып, көбөйтүлүп бөлүнгөн каражаттын себебин түшүндүрдү.

"Бул киши санды карап алып эле айтып жатат. Чынында эки жыл көбүрөөк берилген. Себеби Орусиянын каналы РПО РМТРге 80-90 миллион сом карыз болуп кеткен. Ошондо президенттин жарлыгы менен ал акчаны КТРКга которуп беришип, КТРК аркылуу төлөшкөн. Биздин айлык, башка төлөмдөрүбүз бир тыйын да көбөйгөн жок. Көчмө студияны биз ссудага алганбыз. Акчасын ай сайын кайтарып берип жатабыз. Тактап алып маалымат бериңиз, мени калпычы кылбай", - деди Карыпбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Дарыгер
2018-06-06 13:36:47
Калпчы дейби. Эмне соз бул. Элди эмес сени калпычы деп жатат
+3
altyn7776
2018-06-06 15:26:40
Элди айткан жок, Илимдин озун айтып атат.Окусан тыныраак. Карыпбеков велосипед тээп журот деп... 100 мин долларлык жолтандабасты авария кылып жараксыз абалга жеткирсе велеспед тебет да.
+1
Дарыгер
2018-06-06 17:47:58
altyn7776,бул жооп кимге???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан