"КТРК ишин жетиштүү аткара алган жок". Мындай пикирин депутат Абдывахап Нурбаев бүгүн, 6-июнда парламент жыйынында КТРКнын байкоочу кеңешинин отчёту каралып жатканда айтты.
Депутаттын пикиринде, КТРК буга чейин оппозицияны бир жактуу каралап келген.
Нурбаев КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевден "КТРК алдына коюлган милдетин так аткара алды деп ойлойсуңарбы?" деп сурады.
Жекшеев: "Аябай саясатташкан өлкө экенбиз. Колдон келишинче аракет кылдык. Айрым катачылыктар кетти. Бардык көрсөтүүлөрдү тиктеп отура албайт экенбиз. Депутаттарга жаккандай ишти аткара албаган болушубуз мүмкүн. Сурамжылоодо жарандардын 62 пайызы эң маанилүү жаңылыктарды КТРКдан алабыз деп жатат", - деп жооп берди.
Эл өкүлү КТРК депутаттарга эмес, элге жаккандай иштеши керектигин эскертти. "Силер элдин 62 пайызы бизди көрөт деп мактанбагыла. КТРКнын тарыхы чоң. Калган телеканалдар жакында эле пайда болду", - деди Нурбаев.
Ошондой эле талкууда КТРКнын жылдык бюджетинин 70 пайызы мамлекеттен, 30 пайызы жеке кирешеден каржыланары айтылды.