Депутат КТРКдан кыз-жигиттер таанышуучу билдирүүлөр берилип жатканына нааразы болду

Депутат Руслан Казакбаев КТРКнын "Музыка" каналынан кыз-жигиттер таанышуучу билдирүүлөр берилип жатканын айтты. Ал жогорку муундагы таанымал ырчылардын клиби көрсөтүлүп жатканда экрандын астынан таанышуу максатында берилип жаткан билдирүүлөргө нааразычылык билдирди.

Ал мындай сынды бүгүн, 6-июнда парламентте КТРКнын байкоочу кеңешинин отчёту каралып жатканда айтты.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун пикиринде, таанышуу кызматы компанияга киреше алып келип жатат. "Биздин телеканалдан берилип жаткан таанышуу максатында каттардан жылына 10 миң долларга жакын каражат түшөт. Мамлекет бюджеттен "Музыка" каналына 100 миң долларга жакын акча бөлүп берилет. Акчасына карабай таанышуу кызматын тыйып салгыла десе, тыйып салууга даярбыз", - деди Карыпбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nanei
2018-06-06 15:41:10
Акчанын баары эле ушул КТРда окшойт да,жуз миндеген доллар болунсо,жумушчуларынын айлыгы эмнеге ото эле аз???
+5
UmsunaiTem
2018-06-06 15:48:52
Илим Карыпбековду крючоко илип алышканго)))
0
Rifle_I
2018-06-06 20:28:50
Ыймандуу кыздар менен таанышам , көңүл ачуу максатында деп жазган адамдын мээси тооктун мээси окшойт дейм.
Ыймандуу кыз таанышуу биякта турсун, ал смсти да окубайт.
Ошондой смс жазган балдар да, ошол смсти чыгарган операторлор да коомубуздун бузукулары.
+3
Malik92
2018-06-07 10:36:20
Илим,атайын таанышуу телеканалын ачышын керек экен анда 100мин$тушуп турса.А то жепжутаттарыбыз акчаны каяктан табаарын билбей кычкачты 600$дан,стулдарды 100мин сомдон баалап калышты эле.
0
Muratmipa
2018-06-07 15:17:46
Башка проблема жоктой ушуну да проблема кылып азыр интернет онуккон жаман ишке бара тургандар башка жактан деле табышып алышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан