Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын байкоочу кеңешинин отчётуна каршы чыгып, сынга алды. Анын айтымында, байкоочу кеңеш өз максатына жеткен жок.
"Байкоочу кеңеш үлгү боло алган жоксуңар. Отчётуңардын үчтөн бир бөлүгү өзүңөрдүн өмүр баяныңар, бир бөлүгү Илим Карыпбековдун иштери экен. Калганы Шестаков түз эфирге чыкты, Айбек Карымов түз эфирге чыкты деген сөздөр. Ушул дагы отчётпу? Бир жылда 60 арыз түшүптүр. Демек, элдин ишеними арбын. Бирок алкышыңардан да каргышыңар калың экен. Силер Илим Карыпбековдун эмес, Карыпбеков силердин ишиңерди көзөмөлдөп жатыптыр. Ошондуктан мен силердин отчётуңарга каршы добуш берем. Коомдун баасы ушундай", - деди Момбеков.
Депутат Камчыбек Жолдошбаев КТРК жетекчиси Илим Карыпбековго ордун бошотуп кетүүнү сунуштады. "Бул силердин кара жашыгыңар эмес. Кетип калсаңар жакшы эле болот", - деди Жолдошбаев.