Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында жашап жаткан Уланбек Мааматов үйүнөн чыгып кеткен бойдон 11 күндөн бери кайтып келе элек. Бүгүн, 6-июнда Аламүдүн райондук милиция бөлүмү ага издөө жарыялаганын Чүй ОИИББи маалымдады.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Уланбек Мааматов үйүнөн 25-май күнү чыгып кеткен.
Анын бою: 170-175 сантиметр. Кара түстөгү футболка, боз түстөгү чолок шым, бутуна ак түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн. Колуна мөөр сымал күмүш шакек тагынган.
Өзгөчө белгилери: оң колунун билектен ылдый жагында 8-10 сантиметрдей күйүктөн калган так, төшүндө тубаса кара тактар бар. Оң колунун сөөмөйү күйгөндөн улам түздөлбөйт.
Уланбек Мааматовду көргөн-билгендер болсо, милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 36-35-27, 0(700) 67-55-56, 0(700) 20-96-66 же 102 кыска номерине кабарын айтып койсо болот.