Жогорку Кеңеште Жогорку Соттун төрайымынын маалыматы угулууда

Жогорку Кеңеште Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө маалыматы угулууда. Айнаш Токбаева маалымат берип жатып жергиликтүү соттордун штаттык бирдигин көбөйтүү керектигин айтты. Анын белгилешинче, ар бир судьяга бир учурда 65-70 ишти кароого туура келип жатат.

"Айрым судьялар бир учурда 65-70 ишти карап жатат. Мындай учур ишти созуу жолу менен кабыл алууга себепчи болуп калат. Андан сырткары бул жагдай сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууга кедергисин тийгизет. Андыктан жергиликтүү штаттык бирдиктерди көбөйтүү керек", - деди Токбаева.

Учурда депутаттар өз суроолорун берип, жооп алышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан