Ош шаарында кумар оюндарын көмүскө жайда ойнотуп келген эки компьютердик клубу жабылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Ош ШИИБинин кызматкерлерине компьютердик клубдар жашыруун түрдѳ кумар оюндарын ойнотуп жаткандыгы тууралуу оперативдүү маалыматтар келген. Алынган маалыматтар боюнча кызматкерлер Ош шаарынын борбордук стадионунун жанындагы Р.Абдыкадыров кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында компьютердик оюн-зоок клубдары бар экенин тастыкташкан. Алар расмий түрдө компьютердик клуб болуп катталып келишкен.
"4-июнда аталган оюн-зоок клубдары жабылган. Учурда кызматкерлер тарабынан бардык компьютердик техникалар алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергѳѳ кызматы тарабынан иликтенүүдѳ", - деди басма сөз кызматы.