Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишини 5 куткаруучу 3 саат издеп таба алышкан жок

Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен адамды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгисиз адам 6-июнда саат 11:48де Абдрахманов көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен.

"Издөө иштери саат 11:50дө башталган. Ага Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган. Издөө иштери жүргүзүлүп, бирок натыйжа болбогондуктан иш-чаралар саат 15:00дө токтотулган. Учурда ИИМдин кызматкерлери адамдын сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле каналга түшүп кеткен адамдын өздүгү такталууда", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан