Депутат: "Мамлекеттик пансионаттардын абалы начар, иштете албасак ижарага берели"

"Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионаттардын абалы өтө начар, иштете албасак ижарага берели". Мындай сунушту депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында көтөрдү.

Депутат быйылкы туристтик мезгилге даярдык төмөн деңгээлде экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик пансионаттардын мышык ыйлай турган абалына токтолду.

"Туристтик мезгил башталды, биз ага даяр эмеспиз. Унаа жолдор начар абалда болгондуктан көзөмөлдү күчөтсөк.

Мындан сырткары мамлекеттик пансионаттардын абалы да начар. Бир мезгилден 400-700 миң сом пайда менен чыгышууда. Бул бир күндө таба турган акча да. Ал жерге жетекчилер акча жеш үчүн эле барып жатышабы? Башка жеке менчик эс алуучу жайларды карасак, баары орду-орду менен, пайданы да көп табышат. Биз да мамлекеттик эс алуучу жайларды жакшылап иштетишибиз керек, иштете албасак, ижарага берели", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ask094
2018-06-07 12:56:44
Оа озбектерге кытайларга саткыла
+1
Malik92
2018-06-07 14:33:13
Ask094,Кыргыздар иштете алышпайт экен деп казак,озбек,кытайларга 49жылга саткыла анда.КРда баарын сатып буткондон кийин коробуз кимди сатат экенсинер жепжуттар?Баягы эле карапайым элди сатасынарбы,же озунордун катын-бала чаканарды сатасынарбы?Колунардан келсе Айды-Кунду саткынар келет силердин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан